Кыргызстандагы медреселер арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Билим АКИpress - Кыргызстандагы кесип үйрөтүүчү медреселер ортосунда аймактык жана республикалык деңгээлдеги футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы маалымдады.

Мелдешке Чүй, Талас, Нарын облустарынан жана Бишкек шаарынан командалар, ошондой эле түштүк аймактагы облустардын чемпиону болуп жеңип келген Баткен облусунун командасы катышты. Финалдык турнирде Баткен облусундагы «Муаз ибн Жабал» медресесинин жаштары менен Чүйдөгү «Көлмө» медресеси беттешип, жыйынтыгында «Көлмө» командасы жеңүүчү деп табылды. 2-орунду Чүй облусундагы «Лукман Хаким» медресеси, ал эми 3-орунду Талас медресеси алып, баалуу белектерге жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешовдун айтымында, медреселер азыр заман талабына жараша коом менен тыгыз аралашып, элге пайдалуу болууну көздөөдө.

«Ыйманы таза, тарбиясы мыкты жаштар коомдук турмушка активдүү аралашып, сергек жашоону, улутубуздун саламаттыгын көбүрөөк даңазалап турса, биздин утушубуз ошол. Ислам өзү тазалык менен ынтымакты сүйгөн дин. Медреседе окуган жаштар бир гана диний окуу менен чектелбей, коомчулукта суроо-талапка ээ болгон кесиптерди үйрөнүп, элге пайдалуу болуп, эң башкысы өз үй-бүлөсүн жакшы багып кете алчу кесипке үйрөнүшөт», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up