Мугалимдер.kg: Студенттерди жан дили менен колдогон Бекмырза Зулуев докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду

Мугалимдер.kg: Студенттерди жан дили менен колдогон Бекмырза Зулуев докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот.

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Нургүл Тайыр кызы студент кезиндеги окутуучусу, ОГПИнин ректору Бекмырза Зулуевге арнап макала даярдады. Б.Зулуев жакында докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

«Бул макаламды илимдин майданын жиреп, докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп алган, адамдык абийирди туу туткан, адамгерчилик жан дүйнөсүндө байыр алган Зулуев Бекмырза Бекболотобич агайыма арнайм.

Убакыт деген учкан куш сыяктуу экен. Кечээ гана студент болчубуз, бүгүн мугалимбиз. Адамдын өмүр жолу да турмуштун өзүндөй өйдө-ылдыйы, тайгак-кечүүлөрү, кармап калууга тоскоол болгон татаал тар жолдор менен коштолот экен. Ушул тайгак-кечүүдөн тайгаланбай, өзүнүн туура жолун издеп, бүгүнкү күндө көпчүлүк жаштарга үлгү болгон. Өз кезинде өз өмүрүн эли менен мекенине арнаган, элдин эртеңкиси үчүн күрөшкөн кыргыздын чыгаан уулдары А.Сыдыкбеков, Ж.Абдырахманов, Т.Кулатов, К.Тыныстанов, И.Арабаев, А.Орозбеков, И.Раззаков, Т.Айтматов, К.Бобулов сыяктуу инсандардан таасирленген. Өзү жаш, жөнөкөй, таланттуу студенттерди жан дили менен колдогон, келечегине көпүрө болгон карапайым кыргыздын дагы бир уулу жөнүндө сөз козгомокчумун.

Анда сөздүн учугу бул инсандын апасы менен болгон маегибизден башталсын. Ал күн бүгүнкүдөй эсимде. 2012-жылдын май айларында Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылына жашы 70-80 чамасындагы чоң эненин үйүнө барып калдык. Ал чоң энебиз көпчүлүк жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланган, студенттерди колдоп, кубаттаган биздин сүйүктүү Бекмурза агайыбыздын апасы экен. Биздин ары-берки кыймылыбызды көрүп, бир аз көзүнө жаш алып: «Балдарымдын ичинен Бекмурза жаштайынан эле эмгекти, билимди сүйгөн жаштардан болду. Баламдын зиректигин көп нерсени билүүгө далаалаттангандыгын, саясий көрөгөчтүгүн жаштар арасындагы лидерлигин байкаган агайлары Бекмурзаны коомдук иштерге тартып, акыры шаарда алып калышты. Силерди көрүп Бекмурзанын жаштыгы көз алдыма тартылды. Бекмурза мектепте жакшы окуп, 8-классында шаарга кеткен. Шаарда иштеп жүрүп, үй алды. Балдарымдын ичинен Бекмурза атасына куюп койгондой окшош. Атасы да эч кимге жалган сүйлөбөгөн, колу ачык, үйдөгү бар нерсени аябаган, өзүндө жок болсо, бирөөдөн сурап болсо да берген жоомарт, шайыр киши эле», - деп Бекмурза агайды тез-тез сагына берерин жашырган жок.

Мен агайды студент кезден бери тааныйм. Агай бизге адам жана коом предметинен сабак берчү. Ошол мезгилде агай декан эле, бирок бир дагы сабагын үзгүлтүккө учуратпай өтчү. Агай ар дайым: «Ар кимиңер өз укугуңарды билгиле, мен сабак өтө албай жатсам, Бекмурза агай кирбесин деп коркпой айткыла. Силер өз укугуңарды билгенде гана билим берүү системасы жогорулайт. Силер мугалимдерге талап койгондо гана өзгөрүүлөр болот», - деп көп айтар эле.

Ош гуманитардык-педагогикалык институттун сыртынан өтүп бара жатып, көп адамдар «ОГПИнин сырткы көрүнүшүн укмуштуудай өзгөртүптүр» дегендерин угуп жатам. Бул сөздөр жакшы ректор башкарып жатканынан кабар берерине күмөнүм жок. Чынында ОГПИнин ички, сырткы көрүнүшү да укмуштуудай заманбап болуп өзгөрүптүр, жаңы имарат кошулуптур.

Сөзүбүз далилдүү болуш үчүн айта кетсек: студенттик аудиториялар жаңыланып, ОГПИнин жеке телеберүүсү обого чыгыптыр, студенттик жатаканадагы керебеттер толугу менен дивандарга алмашылып, студенттер үчүн акысыз интернет кошулуптур, спорт залдар заманбап үлгүдө сырдалыптыр, кикбоксинг, тай-ци боюнча залдар ачылып, окуу имараттарынын ички көрүнүштөрү да сырттан барган адам үчүн жагымдуу маанайды жаратат экен. Андан тышкары, студенттер үчүн сыртта окуганга шарттар түзүлүптүр. Албетте, бул жасаган иштери Бекмурза агайыбыздын бир мезгилдеги аруу кыялдары болсо керек. Себеби агай өзүбүздүн окуу жайда билим алды, өзүбүз жашаган жатаканада жашады, өзүбүздүн окуу жайга мугалим болду, өзү окуган факультетке декан болду. Мына ушундай бир катар тепкичтерден кийин өзүбүздүн куттуу Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна ректор болду.

2011-2012-окуу жылында кулак сүйүнөр иш болду. Бир күнү эле агай чогулушта сүйлөп жатып: «Биздин окуу жайда окуган жигит биздин окуу жайда окуган кызга үйлөнсө, жатаканада жашоо бекер», - деп калды. Сүйлөгөн сөзүнө аткарган иши дал келип, бул аралыкта айрым мырзаларыбыз өзүбүздүн кыздарга үйлөнүп, жатаканада акысыз жашап калышты. Агай алардан майрам алдында ар дайым кабар алып турат.

«Жакшылык иштин аягы — жакшылык» деп ата-бабаларыбыз бекер айтпаган чыгар. Жакында агай неберелүү да болуп калды. Мындай инсанга илгери ата-бабаларыбыз алакан жайып: «Кудай жалгасын, бардык иштери оңунан чыксын, Кыдыр атам өзү колдоп, жорткондо жолу болсун», - деп бата кылышар эле. Агайбыз айылдан келген таланттуу бир топ студенттерди колдоду, бир аз «чымыны барларды» колунун келишинче көтөрмөлөдү, колунан кармап жетеледи, бир канчасын окуу жайга алып калды дегендей. Агай саясатта эмес, адамдардын сезимине революция жасады. Жыйынтыгында мугалимдер менен студенттердин ортосунда жөнөкөйлүк көпүрөсү салынды.

Эр-жигиттик менен аткарган күжүрмөн эмгегинин үзүрү тез эле ОГПИдеги бардык жамааттын, Ош шаарынын тургундарынын, жалпы кыргызстандыктардын, бир топ студенттердин алкышына ээ болгон Бекмурза агайыбыз азыр илим мейкиндигинде кулач жайып, докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, Кыргызстандагы илимдүү адамдардын катарын толуктады.

Бекмурза агайыбыз өзү окуган мектепте «Бекболот ата» стипендиясын берет экен. Чынында мындай инсандарды чанда гана кезиктирүүгө болот. Иштеген маянасынын бир бөлүгүн атасы Бекболоттун атынан стипендия бердирткенин угуп, көпчүлүгүбүз ыраазы болуп кайттык. Мына, атанын уулу деп ушуну айтса болот».

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up