Республикалык олимпиадада математикадан 2-орунду алган Кызжибек мектепте алдыңкы окуучулардын бири (сүрөт)

Республикалык олимпиадада математикадан 2-орунду алган Кызжибек мектепте алдыңкы окуучулардын бири (сүрөт)

Билим АКИpress - Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Наби Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Кызжибек Саматова республикалык олимпиадада математика сабагы боюнча 2-орунду ээледи.

Кызжибек мектепте эң алдыңкы окуучулардын бири. 9-классты артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөн. Ата-энеси мектеп менен тыгыз байланышта. Кызжибек олимпиадага мугалими Бууниса Айтемирова менен бирге тынымсыз даярданып келген. 1 күн бою класстан чыкпай, кечке чейин даярданган учурлары көп болгон.

«Окуучум республикадан байгелүү орунду алганын уккандан бери уйку эмне экенин сезип калдым», - дейт Кызжибекти даярдаган мугалим Бүүниса Рахматиллаевна.

«Математика предмети — бул илимдердин падышасы деп айтылгандай, турмушта бардык иш-аракеттер математикалык түшүнүктөргө негизделет. Окуучуларыма математика предметинен сабак бергениме аябай сыймыктанам. Себеби математика сабагы окуучуларыма өз жашоосунда туура жол тандоосуна жана чечкиндүүлүк менен алга карай кадам таштоосуна чоң жол көрсөтөт», - деп кошумчалады ал.

«Бул жетишкен ийгиликтер — мектеп-гимназия жамаатынын, Гапыр Мадаминов агайыбыздын «Ата-энелер мектеби» программасы менен жүргүзүлгөн көп жылдык эмгегинин натыйжасы. Мындан сырткары, башталгыч класстар менен жогорку класстардын ортосундагы тыгыз байланыштын жыйынтыгы деп эсептейбиз. Кызжибектин башталгыч классындагы мугалими билим берүүнүн мыктысы, «Түстөр менен иштөө» автордук программасынын түзүүчүсү Ракыя Молдоканова.

«Кызжибекти даярдаган мугалим Айтемирова Бүүниса билим берүүнүн мыктысы, окуучулардын сүйүктүү мугалими. Предметтик олимпиадаларда, бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча ийгиликтери өтө көп. Мугалимдин бул ийгиликтерге жетүүсүнүн сырлары: системалуу иш аракети, «акыл эмгегинин маданияты» методикасы боюнча иш алып баруусу жана тынбай изденип иштөөсү болуп эсептелет. Мындан сырткары, «Блумдун таксономиясы» боюнча окутуу максаттарынын деңгээлдери: билүү, түшүнүү, колдонуу түшүнүктөрү менен кеңири иштөөсү, ал эми окуучусу өз алдынча иштөөдө талдоо (анализ), топтоо (синтез), баалоо түшүнүктөрүн колдоно билгендиги менен максатка жетип, республикалык деңгээлге чыгуусуна тепкич болуп берди», - деп билдиришти Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up