Нарындык окуучулар республикалык «Жоокер ыры» сынагында командалык эсепте 1-орунда (сүрөт)

Нарындык окуучулар республикалык «Жоокер ыры» сынагында командалык эсепте 1-орунда (сүрөт)

Билим АКИpress - Республикалык «Жоокер ыры» сынагына Нарын облусунан катышкан окуучулар байгелүү орундарга ээ болуп кайтышты. Бул тууралуу Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынан Назар Абиков билдирди.

Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан келген командалар катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Марат Бекишов «Согуш жылдарындагы ырлар» номинациясында 2-орунду ээледи. Нарын районундагы Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин окуучусу Зарингиз Орозобекова «Көркөм окуу» номинациясында 3-орунду камсыз кылды. Ал эми Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу Арнус Асанбаев баш байгеге ээ болду.

Жыйынтыгында Нарын облусунун окуучулары командалык эсепте 1-орунга ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up