Новопавловкадагы №1 лицейде ата-энелер чогулушунда чыр чыкты. Себеби эмнеде? (видео)

Новопавловкадагы №1 лицейде ата-энелер чогулушунда чыр чыкты. Себеби эмнеде? (видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексинде ата-энелер чогулушу болуп, анда 20 чакты ата-эне мектеп директорунун ишмердүүлүгүнө каршы чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, ал ата-энелер мектепте ата-энелер тарабынан акча чогултуулар азайсын деген талаптарын коюшкан.

«Бул мектепте көп жылдан бери ушундай. Чүй облусундагы эң кымбат мектеп ушул. Биз окууга ай сайын 500 сомдон берип келгенбиз. Эми 50 сомдон гана берүүнү талап кылабыз. Ал эми тамак-аш бекер болушу керек эле, бирок ага да 200 сомдон акча алышат. Ар кандай майрамдык кечелерге да 100 сомдун тегерегинде акча чогултушат», - деп билдиришкен алар.

Аймактык кабарчы аталган мектептин директору Диляра Абдуллаева менен байланышып, жогоруда айтылган жүйөлөргө жооп алды.

«Кечээ биздин мектепте жалпы ата-энелер чогулушу болмок. Анда мектептеги кошумча билим берүү иштери, лицейди ар тараптан колдоо катары түзүлгөн мектеп фонду жөнүндө бир катар маселелер айтылып, ортого салып, кеңешип чечмекбиз. Бирок тилекке каршы, бир нече ата-эне ызы-чуу салып, улут аралык бөлүп-жарган сөздөрдү айтышып, акча чогултууларды жоюу керектигин билдиришти. Ошондой эле нааразы болгон ата-энелердин көбүн биз биринчи жолу көрдүк. Алардын балдары бул мектепте окубай турганы, алар атайын даярданып келгени билинип калды. Алар: «Эч кандай кошумча билим берүүнүн, ар түрдүү ийримдердин кереги жок, ысык тамактын да кереги жок, акча чогултпайбыз», - деп чыгышты. А негизги талап менин ишмердигиме карата айтылды. Тактап айтканда, алар жетекчилер алмашышы керектигин билдиришти. Элдин көзүнчө мугалимдерди дагы аябай басынтып, алардын дарегине жаман сөздөрдү айтышты.

Чогулушта айыл өкмөт башчысы, депутаттар, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери да отурушкан болчу. Мен ал жерден да айттым, азыр дагы айтып коёюн: ийримге бергиси келбесе, кошумча билим бергиси келбесе, алардан эч ким акча талап кылбайт. Бул окуучу менен ата-эненин гана макулдугу менен болот. «Баламдын келечеги жакшы болсун» деген ата эне эч качан кошумча окутуулардан, ийримдерден баш тартпайт. Мен мектептин гүлдөп өсүшүнө, окуучуларымдын татыктуу билим алуусуна дагы деле жан үрөп иштей берем. Биздин мектеп дүйнөдөгү эң мыкты мектептер менен ат салышып, тең жарышып чыгышы керек!», - деди мектеп директору.

Диляра Кенжеевна 2010-жылдан бери аталган мектептин директору болуп эмгектенип келет. Мектепте 4 миң 526 окуучу билим алып, Кыргызстандагы эң көп окуучу окуган мектептердин сап башында турат. Анда 179 мугалим эмгектенет.

Мектеп «Мыкты инновациялык мектеп» сынагында жана башка спорттук, олимпиадалык, эл аралык предметтик мелдеш-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды камсыздап келерин мугалимдер жамааты да баса белгилешти.

Ал эми мектептин жетишкендиктери тууралуу окуучулар жана башка ата-энелер жылуу пикирлерин айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up