Канадалык жарандын кызы Малина Макдональд республикалык олимпиадада 2-орунду алды. Ал — келечектеги аниматор

Канадалык жарандын кызы Малина Макдональд республикалык олимпиадада 2-орунду алды. Ал — келечектеги аниматор

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Малина Макдональд республикалык олимпиадада англис тили боюнча 2-орунду камсыздады.

Анын мугалими Чинара Макдональд айтып бергендей, Малина олимпиаданын тапшырмаларын интернеттен таап, онлайн тестирлөөдөн өткөн.

«Англис тили мугалими катары менде ар кандай адабияттар бар: англис тилиндеги колдонмолор, сөздүктөр. Малина көп нерсеге кызыгат — укулеледе ойнойт, англис тилинде китеп жазат, сүрөт тартат. Андан сырткары, өз алдынча корей тилин үйрөнүүдө. Келечекте аниматор болуп, мультфильм жараткысы келет», - дейт ал.

Малина мектепти аяктагандан кийин Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде билим алууну пландап жатат.

«Олимпиадада бардыгы Малинанын фамилиясына кызыгышты. Анын атасы — Канаданын жараны. Ал Кыргызстанда 24 жылдан бери жашап, 17 жыл Кумтөрдө иштеген. Кыргызстанды ушунчалык жакшы көрүп калгандыктан, Канадага кеткиси келбей калган. Малинанын 6-класста окуган Камила аттуу сиңдиси бар. Ал да ошол эле мектепте билим алып, англис тилинен олимпиадаларга катышып келет. «Билимкана» олимпиадасынан 2-орунду, «Аракет» олимпиадасынан 2-орунду, HIPPO олимпиадасынан 1-орунду ээлеген», - деп айтып берди Ч.Макдональд.

Тема боюнча окуңуз:

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up