Кеминдеги мектеп президенттери интеллектуалдык таймашта ат салышты (сүрөт)

Кеминдеги мектеп президенттери интеллектуалдык таймашта ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кемин районундагы Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинде 4-апрелде окуучулар арасында «Президент сүйлөйт» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты — ар бир мектептин лидерлерин (президентерин) чоң аренага алып чыгуу менен бирге өз ой-пикирин так, даана жеткирүүгө үйрөтүү, алардын мекенчилдик сезимин ойготуу, туура жолго үндөө, аң-сезимин өстүрүү, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, дүйнөгө болгон көз карашын туура калыптандыруу болуп саналат.

Таймашка Кемин районунун А.Токомбаев атындагы Кайыңды орто мектебинин 9-классынын окуучусу Акжолтоев Эркинбек, С.Кудайбергенов атындагы Карал-Добо орто мектебинин 11-классынын окуучусу Акылбекова Касиет, О.Коңурбаев атындагы Самансур орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бейшеналиев Азамат, М.Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу орто мектебинин 11-классынын окуучусу Жумагулов Сүйүнбек, Т.Абдумомунов атындагы Жаңы-Алыш орто мектебинин 11-классынын окуучусу Калназарова Сайна, Н.Давлесов атындагы Кемин №3 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Усейинова Бермет, К.Шаболотов атындагы Кара-Булак орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айтбаева Айдана, Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин 11-классынын окуучусу Таалайбекова Набат катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Айтбаева Айдана, 2-орунду Таалайбекова Набат, 3-орунду Жумагулов Сүйүнбек жана Акжолтоев Эркинбек ээлешти. Жеңүүчүлөргө Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы тапшырылып, облустук таймашка катышууга жолдомо берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up