Баетовдогу мектепте Элдик революциянын баатырлары эскерилди (сүрөт)

Баетовдогу мектепте Элдик революциянын баатырлары эскерилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 7-апрель — Элдик революциянын баатырлары эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 5-апрель күнү аталган орто мектепте кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калган 7-апрелдеги кандуу окуяда каза болгон эр-азаматтарды эскерүү кечеси өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп директору Үрүстөм Күсөрманбетов, райондун имам-хатиби Жаныбек Жээнбеков, мугалимдер жана окуучулар катышкан.

Эскерүү кеченин жүрүшүндө кандуу окуяда каза болгон эр-азаматтарга багышталып куран окулду. Андан соң окуучулар тарабынан даярдалган чакан программадагы концерт болду. Ошол кездеги авторитардык бийликтин жосунсуз жоруктары, кымбатчылык, коррупциялык иштер, үй-бүлөлүк кландык башкаруу системасынын өлкөгө келтирген зыяндары, элге ок атуу жана башка көрүнүштөр боюнча кеңири баяндамалар окулуп, слайддар көрсөтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up