Жалал-Абаддагы жаш мугалимдер «Педагогикалык үмүттөр» сынагында таймашты (сүрөт)

Жалал-Абаддагы жаш мугалимдер «Педагогикалык үмүттөр» сынагында таймашты (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 3-апрелинде Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында жаш мугалимдер арасында «Педагогикалык үмүттөр» аталышындагы кароо-сынак өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов маалымдады.

Сынакка шаардагы эмгек тажрыйбасы 3 жылдан ашпаган жаш мугалимдер катышып, сынактын жүрүшүндө белгиленген 3 этаптык шарттарда өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтүштү.

Сынак Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан жарыяланган. Шаарда жалпы 20 мектеп болсо, алардын ичинен 16 мектептен 48 жаш мугалимдер катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — өсүп келе жаткан жаш муундардын билим сапатын жакшыртуу менен бирге алардын мугалимдик кесипке болгон кызыгуусун арттыруу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up