Белгилүү илимпоз, профессор Лайли Үкүбаеванын жаӊы китептеринин бет ачары өттү (сүрөт)

Белгилүү илимпоз, профессор Лайли Үкүбаеванын жаӊы китептеринин бет ачары өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 4-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде белгилүү илимпоз, агартуучу, Айтматов таануучу, публицист жана КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, профессор Лайли Үкүбаеванын жаӊы китептеринин бет ачары болуп ѳттү. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Айзада Таласбаева маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарада Лайли Үкүбаеванын кийинки жылдары чыккан эмгектери: «Чыӊгыз Айтматов: эстетика и национальная основа», «Чыӊгыз Айтматов» (жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде кыскача очерки), «Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн маселелери», «Художественное мастерство Чингиза Айтматова», «Жазгыч акындар жана Осмонаалы Сыдык уулу» аттуу илимий эмгектери, «Доорлор жаӊырганда» публицистикалык макалалар жыйнагы жана автор жөнүндө калемдештеринин пикирлери камтылган «Илимдеги сапар» аттуу китептери окурмандарга сунушталды.

Салтанат Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин чакан таанытуу видеосу менен башталды. Андан соң КТМУнун Түркология бѳлүмүнүн башчысы, доцент Бурул Сагынбаева Л.Үкүбаеванын өмүр таржымалына арналган баяндамасын окугандан кийин сөз Л.Үкүбаевага берилип, ал өзүнүн жаңы китептери менен тааныштырып, кыскача мазмунун айтып берди.

«Өмүрүмдүн бир тобун баштан өткөрүп коюптурмун. Кант жедимби, бал жедимби билбейм. Анан ойлоп отуруп ушул жашымда эл алдында отчет берип коюшум керек экен деп, бир чети оюн, бир чети тамаша кылып 70ке чыктым, жети китеп даярдайм деп пландап койгом. Эми минтип 70 жашта «Жети китебим» деп аталган китептерди жазып чыгардым», – деди ал.

Андан соң профессорду 70 жылдык мааракеси менен Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев, УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик Абдылдажан Акматалиев, УИАнын корресподент-мүчѳсү, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев, залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун карындашы, белгилүү коомдук ишмер, профессор Роза Айтматова, КТМУнун ректору, профессор Себахаттын Балжы, батыш тилдер бѳлүмүнүн башчысы, профессор Осмонакун Ибраев жана кесиптештери, шакирттери куттуктап, чакан белектерин жана ыраазычылык дипломдорун ыйгарышса, жазуучулар союзунун тѳрагасы, акын Нурлан Калыбеков жазуучулар союзунун медалын тапшырды.

Автордун илимий эмгектери боюнча Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору Курманбек Абакиров «Деңиздей турмуш үстүндѳ (проф. Лайли Үкүбаеванын чыгармачылык бейнесине сүртүмдѳр)» деген темада баяндама жасаса, публицистикасы боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутуучусу, саясат таануу илиминин кандидаты Бакыт Орунбеков «Лайли Үкүбаева –публицист» деген чакан баяндама жасады.

Иш-чара КТМУнун кѳркѳм ѳнѳр факультетинин деканы, КР эл артисти Анарбек Ибраевдин кѳркѳм жетекчилиги астында даярдалган концерт менен жыйынтыкталды.

Профессор Лайли Үкүбаева 18 илимий, 2 публицистикалык, 1 көркөм китептин автору. Анын 300дөн ашык илимий-публицистикалык макалалары чет элдик жана республикалык мезгилдүү басма сөз беттеринде жарык көрүп, окурмандардын өзгөчө кызыгуусун жаратып келет.

Лайли Үкүбаева Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамоталары, «Эл агартуунун отличниги», «Кыргыз тили» тѳш белгилери менен сыйланган. Анын кѳп жылдык илимий-педагогикалык эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 2006-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы ыйгарылган.

2008-жылы «Кыргызстан – Казакстан: Түбѳлүк достук» сынагынын илим тармагындагы жеңүүчүсү катары 1-даражадагы дипломго татыктуу болгон. КРнын илим жана техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Кыргызстан улуттук жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчѳсү, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты. 2019-жылы республикалык «Эркин-Тоо» гезитинин «Кыргызстандын алдыңкы айымы» тѳш белгиси менен сыйланган.

Профессор Л.Үкүбаеванын илимий жетекчилиги менен илимдин 1 доктору, 9 изденүүчү кандидаттык, 5 изденүүчү PhD докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргошуп, илимий даражаларга ээ болушкан. Азыркы күндѳ Л.Үкүбаеванын жетекчилиги менен 3 докторлук, 10дон ашык кандидаттык, 2 PhD докторлук диссертация жазылып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up