Тоң районунун окуучулары республикалык «Манас таануу» сынагында Ысык-Көлдүн намысын коргошот

Тоң районунун окуучулары республикалык «Манас таануу» сынагында Ысык-Көлдүн намысын коргошот

Билим АКИpress - Каракол шаарында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын облустук туру өттү. Таймашка Ысык-Көл облусунун райондорунан 2ден жана Балыкчы, Каракол шаарларынан 1ден командалар катышты.

Жыйынтыгында Тоң районунун К.Тилеков атындагы орто мектебинин «Асаба» командасы 2-орунду, ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин «Каныкей» командасы 1-орунду камсыз кылышып, сынактын республикалык туруна катышууга жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up