Баткенде Америка ырларын мыкты аткарган окуучулар аныкталды (сүрөт)

Баткенде Америка ырларын мыкты аткарган окуучулар аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кадамжай шаардык маданият үйүндө 4-апрель күнү «Америка ырлары - 2019» сынагынын финалдык баскычы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Финалга Кадамжай жана Баткен райондорунун мектептеринен 20 окуучу катышты. Алардын ичинен 3 окуу мыкты деп табылып, Бишкек шаарында өтө турган гала-концертке жолдомо алышты.

Жеңүүчүлөр:

- 1-орун — Кадамжай шаарынын Б.Айтматов атындагы орто мектебинин окуучусу Мээрим Акимбаева;

- 2-орун — Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин окуучусу Даниел Гафуров;

- 3-орун — Кадамжай шаарындагы мектеп-лицейинин окуучусу Жасмин Адиева.

Калыстар тобунун курамы:

- Хайди Демело — англис тили боюнча адис;

- Мукадас Ташиева — Ош мамлекеттик университетинин англис тили мугалими;

- Жумакан Кантороева — Ош музыкалык мектебинин окутуучусу.

«Америка ырлар сынагы» долбоору АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып, «Sun People» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up