Ош шаарында жаш ойлоп табуучулар таймашты (сүрөт)

Ош шаарында жаш ойлоп табуучулар таймашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ошто шаардык билим берүү башкармалыгы жана «Мээрим» балдар билим берүү борбору тарабынан «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» деген аталыштагы кароо-сынактын шаардык баскычы өткөрүлдү. Бул тууралуу «Мээрим» балдар билим берүү борборунун окуу бөлүм башчысы Чынара Аманова маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, сынак 7 номинация боюнча өткөрүлдү:

1. «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер»;

2. «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар»;

3. «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар»;

4. «Маалыматтык технологиялар жана программалоо»;

5. «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» ;

6. «Шахмат боюнча турнир»;

7. «Астрономиялык турнир».

Калыстар тобунун төрагасы – ОшТУнун ага окутуучусу, техника илимдеринин кандидаты, Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, геология кафедрасынын профессору Н.Калдыбаев, ОшТУнун Энергетика кафедрасынын ага окутуучусу, доцент Р.Пакирдинов, ОшТУнун маалыматтык технология жана башкаруу кафедрасынын доценти И.Арыкбаев, ОшТУнун ага окутуучусу, доцент И.Исаев ар бир ойлоп табуучунун иштерин жобонун негизинде баалап, калыстык кылышты.

Өзгөчөлөнгөн долбоорлор Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан дипломдор, грамоталар жана ОшТУнун Технопаркынын директору Н.Калдыбаевдин алкыш баракчалары менен сыйланышты. Мыкты деп табылган жаратмандар сынактын республикалык туруна катышууга жолдомо алышкан.

Ал эми шахмат турнири боюнча №1 жаштар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Сабыржан Абидов жана №42 Керме-Тоо мектеп-гимназиясындагы дене тарбия мугалими Дүйшөнкул уулу Азиз калыстык кылышты. Жеңүүчүлөр дипломдор жана грамоталар менен сыйланышып, республикалык турга жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up