«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси окуучуларды кабыл алуу сынактарын жарыялайт

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси окуучуларды кабыл алуу сынактарын жарыялайт

Билим АКИpress - «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси 8-20-апрель күндөрү кабыл алуу сынактарын жарыялайт. Мекемеден билдиришкендей, тестирлөө 6-класстардын окуу программасы боюнча жүргүзүлөт.

Окуучуларды Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейине жана «Айчүрөк» кыздар лицейине кабыл алуу үчүн тестирлөө Свердлов, Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Аламүдүн райондорунун мектептеринде болот.

1-2-турлардан ийгиликтүү өткөн окуучулар үчүн жеңилдиктер, стипендиялар каралган. Жеңилдиктер толук же жарым-жартылай берилет.

«Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстандын аймагында 1992-жылдан тарта иш алып барат. Ал жакта сапаттуу билим алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Маалымат алуу үчүн байланыш номурлар: 0312 679 004, 0312 634 151.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up