Военно-Антоновка гимназиясында Россия элчисинин кеңешчисинин катышуусунда согуш ардагерлери эскерилди (сүрөт, видео)

Военно-Антоновка гимназиясында Россия элчисинин кеңешчисинин катышуусунда согуш ардагерлери эскерилди (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс гимназиясында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата иш-чара өтүлдү. Ага Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев, Канттагы авиабазанын, республикалык ардагерлер кеңешинин, «M.O.S.T.kg» жаштар бирикмесинин, 97632 «Б» аскердик бөлүгүнүн, «Өлбөс полктун» өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, согуш ардагерлери, айыл аксакалдары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

«Чтобы помнить — надо знать» аттуу иш-чара жана анын маани-мазмуну жаатында гимназиянын директору Лира Сыдыкова айтып берди. Анын айтымында, Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаевди гимназиянын комузчулар ансамблинин аткаруусундагы элдик күүлөр менен тосуп алышкан. Мектептин материалдык-техникалык базасын, класстык бөлмөлөрдүн заманбап жасалгасын көрүү максатында саякат жүргүзүлдү. А.Сургаев кыргыз элинин көрүнүктүү ишмерлеринин, тарыхый инсандарынын сүрөттөрүн, гимназиянын ички жасалгасын, мугалимдердин бирдиктүү формасын көрүп, өз пикирин билдирди.

«Кыргыз эли байыртадан тектүү, түптүү, салттуу калк. Биз аны тарых барактарынан окуп, көркөм тасмалардан көрүп жүрсөк, эми сиздердин араңыздарда кыргыз коомунун меймандостугун, улуттук баалуулуктарды аздектеп-барктагандыгын дагы бир ирет баамдап келем. Ч.Айтматов кыргыз элинин эле эмес, дүйнөнүн адамы. Анын чыгармачылыгындагы улуттук баалуулуктар, кыргыз жашоосунун образы дүйнө элине сиңип кетти. Бул өзүнчө чоң тема, бүтпөс сыймык жараткан аңгеме. Ал эми Курманжан датканын ишмердүүлүгү саясий-маданий, социалдык-экономикалык жактан үлгү болуучу тарыхый образ. Орус эли менен кыргыз калкынын түбөлүк достугун, биримдигин болоттой бек ширетүүчүсүнүн баштоочусу, жарчысы. Сиздерде көптөгөн хандар өткөн. Аны тарых айтып келет. Ошондой эле көрүнүктүү ишмерлерден И.Раззаков, С.Чокморов, Т.Турсунбаева — кыргыз элинин сыймыгы.

Мектептин жасалгасы, эстетикалык табит тартуулаган жарык маанайы мага жакты. Комузчу окуучулардын формалары, мугалимдердин бирдиктүү атайын кийими өзгөчө, жарышыктуу экен. Албетте, кош кабаттуу мектебиңер 700 орунга ылайык курулса, учурда 3 миңден ашуун окуучулар окушат тура. Бул 3 эсе көп дегендик. Кыргыз өкмөтү бул жагдайда да атайын аракеттерди көрүп жатканы жөнүндө кабарым бар», - деди ал.

Андан соң Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган адабий-музыкалык театрлаштырылган кечеге катышты. Анда да кыргыз-орус элинин биримдиги, Улуу Ата Мекендик согушта кыргыз жоокерлеринин, Панфиловчулардын эрдигине токтолду. Ошондой эле көптөгөн катышуучулар сөз сүйлөп, эрдик, эмгек эч качан унутулбай эскерилерине токтолушту.

«Салтанаттуу кечеде окуучулар жана «M.O.S.T.kg» жаштар бирикмеси Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата концерт тартуулашты. Андан соң мектебибиздин алдына арча көчөттөрүн отургуздук. Бул күнкү иш-чарада Военно-Антоновкадагы 97632 «Б» аскердик бөлүгүнүн солдаттары, айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда согуштун катышуучуларынын эстелигине гүлчамбарлар коюлду», - деди аталган мектептин директору, билим берүүнүн отличниги, «Данакер-Лингво» төш белгисинин ээси Лира Сыдыкова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up