Кыргызстандагы 7 мектеп-интернатка «Кесип кербени» барат

Кыргызстандагы 7 мектеп-интернатка «Кесип кербени» барат

Билим АКИpress - Эртең, 9-апрелден тарта 25-апрелге чейин республиканын бардык облустарындагы мектеп-интернаттарга «Кесип кербени» барат. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдады.

6 облустагы жана Бишкек шаарындагы 7 мектеп-интернатынын бүтүрүүчү класстарынын окуучулары кесиптик багыт алуу боюнча психологдор атайын иштеп чыккан уникалдуу тренингдерден өтүү мүмкүнчүлүгүн алышат. «Кесип кербени» жаштарды билим берүүнүн ролу жөнүндө кабардар кылуу жана түшүндүрүү, карьералык жолун маалымдуулук менен тандоону жогорулатуу максатында ишке киргизилди.

Долбоор Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана www.aha.kg билимдик ресурсу командасы менен биргеликте, Европа Биримдигинин каржылоосунда ишке ашырылат.

Aha.kg долбоорунyн тренер-психологу Сейил Калдыбаева катышуучулардын психотиптерин аныктоо жана кесиптерге ылайык келүүчү психотиптер боюнча 4 сааттык сессияны өткөрөт. Андан ары Кыргызстандагы ЖОЖдордо билим алууну жана эмгек рыногунун керектөөлөрүн эсепке алуу менен карьераны өнүктүрүүнү талкуулоо болот. Андан тышкары, балдар мотивациялык тасмаларды көрүшөт жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушат.

«Жогорку класстын окуучулары менен кесип тандоо боюнча сабактар эбактан бери эле биздин ишибиздин ажырагыс бөлүгү болуп калган. Ушуну менен бирге биз бардык балдардын турмушунда бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрүнүн болушунун маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Ошондуктан мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары үчүн кесиптик багыт берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Интернаттык мекемелердин табиялануучуларына жардам берүү боюнча жумуштар алардын чоң жашоосуна чейин эле башталышы керек», - деп белгиледи билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева.

«Билим берүү программасынын алкагында Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын маанилүү түзүмү болуп билим берүүнүн сапатын жогорулатуу саналат. Биз билим берүү системасы эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык болуп, балдар керектелүүчү жана өзүн-өзү реализациялоо мүмкүнчүлүгү бар кесиптерге ээ болушун маанилүү деп санайбыз», - дейт ЕБдин КРдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, элчи Эдуард Ауэр.

Мектеп-интернаттары үчүн «Кесип кербени» билим берүү секторун бюджеттик колдоо боюнча Европа Биримдигинин маалымат компонентинин алкагында уюштурулган. ЕБ Кыргызстанга мектептерде инновацияларды жайылтууну көздөгөн реформалар үчүн, куррикулумду модернизациялоо, мугалимдерди даярдоонун сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүү үчүн 29 млн 375 миң евро бөлгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up