Ош шаарынын 1-2 класстарынын окуучулары шахмат боюнча мелдешишти (сүрөт)

Ош шаарынын 1-2 класстарынын окуучулары шахмат боюнча мелдешишти (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарынын спорт комитетинин биринчи спорт мектебинде 6-апрель күнү шахмат боюнча ачык мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматына караганда, мелдешке шаар ичиндеги 10 мектептин 1-2-класстарынын окуучулары катышты. Максаты — жаш окуучулардын билимге болгон мамилесин жана ой жүгүртүүсүн өстүрүү.

«Мелдешке 1-2 класстарда окуган 40тан ашык окуучу катышты. 1-класстын окуучулары өзүнчө, 2-класстын окуучулары өзүнчө мелдешти. Жеңишке жетишкен окуучуларга Ош шаарынын спорт комитетинин биринчи спорт мектеби тарабынан диплом жана баалуу белектер тапшырылды», - деди шахмат боюнча машыктыруучу Сабыржан Абидов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up