Нарындагы Э.Ибраев мектебинин окуучулары менен ата-энелери китеп окуу сынагында ат салышты (сүрөт)

Нарындагы Э.Ибраев мектебинин окуучулары менен ата-энелери китеп окуу сынагында ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинде Эл аралык балдар китебинин күнүнө карата «Окуган үй-бүлө — гүлдөгөн Кыргызстан» аттуу сынак өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чараны Нарын райондук Э.Ибраев атындагы борбордук китепканасынын кызматкерлери «Энелер мектеби» менен бирдикте уюштурду.

Сынак балдар жазуучусу Бозум Алышбаевдин «Табият менен таттуу мамиледе болуу» аттуу китебинин негизинде энелер менен балдардын ортосунда өтүп, 2 команда ат салышты. Энелер командасы «Бакыт» ал эми балдардын командасы «Келечек» деп аталып, сынактын шартына ылайык, берилген тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында энелер командасы жеңишке жетишти. Бул иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөдө китеп окууну жайылтуу менен балдарды китеп окууга тартуу, алардын дүйнө таанымын өзгөртүү аркылуу жан дүйнөсүн байытуу.

Соңунда китепкананын атынан энелерге, балдарга ыраазычылык кат, грамоталар, китептер, таттуулар белекке берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up