«Жер тоголок болсо, эмне үчүн адамдар тоголонуп кетпейт?»: Республикалык олимпиадада 2-орунду алган Арсен

«Жер тоголок болсо, эмне үчүн адамдар тоголонуп кетпейт?»: Республикалык олимпиадада 2-орунду алган Арсен

Билим АКИpress - Ош облусунун Өзгөн районундагы Тагай Асранов атындагы №6 орто мектебинин 11-классынын окуучусу Арсен Полотбек уулу республикалык олимпиадада география сабагы боюнча 2-орунду камсыз кылды.

Арсен мектепте алдыңкы окуучулардын бири. 9-классты артыкчылык күбөлүгүг менен бүтүргөн. География сабагын башка предметтерге караганда аябай кызыгуу менен окуйт. Ошонун натыйжасында география сабагы боюнча бир канча ийгиликтерди жаратты. Мисалы: 9-класста райондо 1-орунду, ал эми былтыркы окуу жылында облустук олимпиадада 2-орунду алып, республикалык турда байгелүү орунду багындырган. Быйылкы окуу жылында болсо, республикалык олимпиададан 2-орунга жетишти.

Анын мугалими Нургүл Кадыркулованын айтымында, Арсен ар тараптуу окуучу. Ал өзүнүн тырышчаактыгы менен спорт жаатында да ийгиликтерди жаратып келет.

«Арсен өзүнө берилген ар кандай иштерди аткаруу менен көпчүлүктү таң калтырат. «Окуучунун 10 жылдан кийин кандай болорун билбеген мугалим — мугалим эмес» дегендей, Арсендин ар тараптуу тырышчаак экендигин билип, гоеграфия предмети боюнча олимпиадага 7-классынан баштап даярдай баштадым. Ушул кезге чейин эсимде, 5-класста табият таануу сабагында глобусту алып кирип, сабак өткөндө: «Эжеке, эгер жер тоголок болсо, эмне үчүн адамдар тоголонуп кетпейт?», - деген суроосунан менде «ушул баладан бир нерсе чыгат» деген ой пайда болгон.

Даярдаган мезгилде берилген тапшырмалады өтө жоопкерчилик, изденүү менен так аткарып, мени кубанткан күндөрү көп болду. Убакыттын кеч болгонуна да карабай иштеген күндөрүбүз болду. Баласынын даярдануусуна шарттарды түзүп, анын келечеги үчүн кам көргөн ата-энеси тууралуу айтпай кетүүгө болбойт. Өздөрү карапайым үй-бүлө болгондугуна карабастан, балдарынын татыктуу билим алуусуна шарттарды түзүп берет», - деп айтып берди Н.Кадыркулова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up