Кара-Сууда 2019-жылдын мыкты мугалими аныкталды (сүрөт)

Кара-Сууда 2019-жылдын мыкты мугалими аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Сууда «Жылдын мыкты мугалими - 2019» кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага райондун 17 аймагынан 1-орунду алган мугалимдер катышты.

Сынактын жыйынтыгында Д.Султанов атындагы жатак мектеп-интернатынын англис тили мугалими Айнура Машрапова 1-орунду ээледи. Ал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Т.Матраимовдун 30 миң акчалай сыйлыгы, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин баалуу белектери менен сыйланды.

2-орунду №3 «Интернационал» орто мектебинин англис тили мугалими Нурланбек уулу Кубаныч, 3-орунду Кызыл-Сарай орто мектебинин тарых мугалими Нуртажы Досуева камсыздашты.

Сынакка райондогу «Туратали Эл» базарынын жетекчиси Манас Үсөнов демөөрчүлүк кылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up