Бишкекте «Кесип кербени» старт алды. Ал республиканын бардык облустарындагы мектеп-интернаттарга барат

Бишкекте «Кесип кербени» старт алды. Ал республиканын бардык облустарындагы мектеп-интернаттарга барат

Билим АКИpress - Бишкекте «Кесип кербени» старт алды. Ал 25-апрелге чейин республиканын бардык облустарындагы мектеп-интернаттарга барат.

6 облустагы жана Бишкек шаарындагы 7 мектеп-интернатынын бүтүрүүчү класстарынын окуучулары кесиптик багыт алуу боюнча психологдор атайын иштеп чыккан уникалдуу тренингдерден өтүү мүмкүнчүлүгүн алышат. «Кесип кербени» жаштарды билим берүүнүн ролу жөнүндө кабардар кылуу жана түшүндүрүү, карьералык жолун маалымдуулук менен тандоону жогорулатуу максатында ишке киргизилди.

Долбоор Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана www.aha.kg билимдик ресурсу командасы менен биргеликте, Европа биримдигинин каржылоосунда ишке ашырылат.

Aha.kg долбоорунyн тренер-психологу Сейил Калдыбаева катышуучулардын психотиптерин аныктоо жана кесиптерге ылайык келүүчү психотиптер боюнча 4 сааттык сессия өткөрөт. Андан ары Кыргызстандагы ЖОЖдордо билим алууну жана эмгек рыногунун керектөөлөрүн эсепке алуу менен карьераны өнүктүрүүнү талкуулоо болот. Андан тышкары, балдар мотивациялык тасмаларды көрүшөт жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушат.

Мектеп-интернаттары үчүн «Кесип кербени» билим берүү секторун бюджеттик колдоо боюнча Европа Биримдигинин маалымат компонентинин алкагында уюштурулган. ЕБ Кыргызстанга мектептерде инновацияларды жайылтууну көздөгөн реформалар үчүн, куррикулумду модернизациялоо, мугалимдерди даярдоонун сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүү үчүн 29 млн 375 миң евро бөлгөн.

«Европа биримдиги Кыргызстандагы балдар экономикалык макамга же ден соолугунун абалына карабастан, сапаттуу билим алышына умтулат», - дешти иш-чарада.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up