Мен орто мектепти алыскы Лейлектен бүтүргөм, азыр мен билим берүү министримин, - Г.Кудайбердиева

Мен орто мектепти алыскы Лейлектен бүтүргөм, азыр мен билим берүү министримин, - Г.Кудайбердиева

Билим АКИpress - №5 улуттук компьютердик гимназиясында «Кесип кербени» старт алды. Ал өлкөдөгү 7 мектеп-интернаттарга барат.

«Бул абдан маанилүү долбоор, анткени ата-энелер же башка факторлор балдардын кесип тандоосуна таасирин тийгизет. Балким, силер бир жолду тандагыңар келет, бирок силердин чөйрөңөр башканы тандоону талып кылып жатат. Албетте, чоңдордун сөзүн угуу керек, өзгөчө ата-энелердин, бирок силер өзүңөр туура чечим чыгарууну үйрөнүшүңөр керек», - деди билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева.

Ал долбоор кесип тандоого акыл калчап мамиле кылууну үйрөтөрүн белгиледи.

Мындан тышкары, министр окуучуларды дайыма билимге умтулууга чакырды. «Билим силерге жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет жана биздин татаал дүйнөдө жардам берет. Мен орто мектепти алыскы Лейлектен бүтүргөм, азыр мен билим берүү министримин. Мага жол тандоодо мектебим жардам берген. Мен ушул кезге чейин мугалимдеримди өзгөчө жылуулук менен эстейм. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалангыла, убактыңарды текке кетирбегиле, бул татаал дүйнөдө туура тандоо жасагыла», - деп кеңеш берди Г.Кудайбердиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up