Жумгалдын Куйручук айылындагы китепканага 1,5 миң китеп чогултуп беришти (сүрөт)

Жумгалдын Куйручук айылындагы китепканага 1,5 миң китеп чогултуп беришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Куйручук айылындагы жергиликтүү тургундар, жаштар жана ыктыярчылар китеп чогултушту. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Туратбек Чынарбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, «Бир адамдан бир китеп» долбоору айылда жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Анда окуучулар көрүнүктүү инсандардан, активисттерден жана өз каалоолору менен берген жарандардан китеп чогултушкан.

Бул саамалыкка Жумгал районунун акими Адыл Сапаров, Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, айыл өкмөт башчысы Талантбек Асанов жана мектеп жамааты, райондук борбордук китепкананын өкүлдөрү, айыл аксакалдары, жергиликтүү жетекчилер, окуучулар, ата-энелер, жаштар, айыл имамы катышып, жөө жүрүшкө чыгышты. Андан соң айылдагы А.Сулайманов атындагы орто мектебинде иш-чара өттү.

«Катышуучулар келечекке, билимге инвестиция жасашты. Бул долбоордун негизги максаты — мекенибизде китеп окууну даңазалоо, руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу, шаар-аймактарда, алыскы айылдарда китеп жетишсиздиги жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү, аз болсо да билимге инвестиция жасоо. Иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Айылдагы китепкана 1500 китеп менен толукталды», - деди Т.Чынарбеков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up