Оштогу лагерь 56 демилгелүү топтордун өкүлдөрүн жана лидерлерин чогултту (сүрөт)

Оштогу  лагерь 56 демилгелүү топтордун өкүлдөрүн жана лидерлерин чогултту (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарында 29-марттан 8-апрелге чейин жаштар мейкиндиктеринин уюму боюнча үзгүлтүксүз 2 лагерь болуп өттү. Иш-чара Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан 56 демилгелүү топтордун өкүлдөрүн жана лидерлерин чогулткан.

Лагерде катышуучулар уюмдарынын актуалдуу болгон суроолорун чечмелөө үчүн ар кандай форматтагы талкуу аянттарын кантип уюштурууну билип алышты. Мындан сырткары, алар эл алдында чыгып сүйлөө жана критикалык ой жүгүртүү көнүгүүлөрүн жасашты.

«Биз балдарга жаштар мейкиндиктерин түзүү аркылуу лидерлик потенциалын баамдоосуна жардам берүүнү каалайбыз», - деди долбоордун координатору Мээрим Султанкулова.

Лагерь 10го жакын жаштар мейкиндиктерин түзүүгө пландалып жаткан «Жаш аракет» долбоорунун иш-чараларынын серияларынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Жумуш ар бир аймактагы 10 демилгелүү топтордун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү аркылуу жүргүзүлөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up