ОшТУнун доценти КУУда сабак өттү

ОшТУнун доценти КУУда сабак өттү

Билим АКИpress - ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Мурат Абдиев 5-апрелде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Европа факультетинин бизнести башкаруу жана экономика багытында билим алган 2-курстун студенттери үчүн «Экономикалык терминдерди мамлекеттик тилде колдонуу» деген темада практикалык сабак өтүп берди. Иш-чара Бишкек шаарына болгон иш сапарынын алкагында өткөн.

Сабак интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен презентация, кичи тайпалар, окутуучунун жана кичи тайпалардын өз ара суроолору, кроссворддор менен коштолуп, студенттер активдүүлүгүн көрсөтүштү. Сабактын жыйынтыгында М.Абдиев жеңүүчү кичи тайпага жана сабак учурунда активдүүлүгүн көрсөткөн 2 студентке белектерин берди. Доцент студенттерди мамлекеттик тилди сүйүүгө, улуттук баалуулуктарды барктоого, иш кагаздарын мыкты өздөштүрүүгө, ошону менен бирге расмий жана чет тилдерди дагы өздөштүрүүгө үндөдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up