Айпери Тагайбекова — Нарын облустук эссе жазуу сынагынын жеңүүчүсү

Айпери Тагайбекова — Нарын облустук эссе жазуу сынагынын жеңүүчүсү

Билим АКИpress - 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата «Өз ыктыярың менен кайтарымсыз кан тапшырууну Кыргызстанда өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Нарын облусунун мектеп окуучуларынын арасында эссе жазуу сынагы өттү.

Сынактын жыйынтыгында Айпери Тагайбекова жеңүүчү деп табылды. Ага 1-даражадагы диплом жана баалуу белек тапшырылды.

Айпери учурда Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинде 10-класста билим алып жатат. Мектепте билим алуу менен бирге облустук, республикалык сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up