Нарындагы лицейдин окуучулары Апрель элдик революциясынын баатыры менен жолугушту (сүрөт)

Нарындагы лицейдин окуучулары Апрель элдик революциясынын баатыры менен жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы акедемик Ү.Асанов атындагы Нарын облустук жатак лицейинин окуучулары жана мугалимдери Апрель элдик революциясынын баатыры, аталган мектептин бүтурүүчүсү Асылбек Кудайбергенов менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарада революцияда курман болгондор эскерилип, алардын мекен алдындагы эрдиги жөнүндө айтылды. Андан соң окучулар ырларды көркөм окушуп, «Чептен эрдин күчү бек» чыгармасы боюнча сахналаштырылган оюн көрсөтүштү. Андан кийин Апрель элдик революциясынын баатыры Асылбек Кудайбергеновго сөз берилип, ал апрель окуясы тууралуу кеңири маек куруп берди.Ошондой эле ал окуучуларды кызыктырган суроолорго да жооп берип, аларды мекенчил болууга үндөгөн чакырыктарды айтты.

Жолугушуунун соңунда мектеп директору Айнура Апсалиева мектеп администрациясынын атынан жолугушууга келип, кызыктуу маек куруп бергендиги үчүн А.Кудайбергеновго ыраазычылык билдирип, чакан белек тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up