Нарында «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам!» аттуу облустук сынак өттү (сүрөт)

Нарында «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам!» аттуу облустук сынак өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарындагы облустук балдардын билим борборунда «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам!» аттуу сынактын облустук туру болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка Жумгал, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан 100дөн ашуун окуучулар катышты. Алар улуттук аспапта ойноп, ыр-бийлер боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн.

Жыйынтыгында мыктылар тандалып, жеңүүчүлөр республикалык сынакка катышууга жолдомо алышты. Жаш курактары боюнча 1-2-3-орундарга ээ болгондорго тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up