Мектепте жалаӊ «5» деген баага окуп, телеберүүгө тартылган Тилек Дүйшөкеев аскер адамы болгусу келет (сүрөт)

Мектепте жалаӊ «5» деген баага окуп, телеберүүгө тартылган Тилек Дүйшөкеев аскер адамы болгусу келет (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу С.Абдылдаева атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Тилек Дүйшөкеев. Ал мектепте бардык сабактарына жетишүү менен бирге, шахмат, футбол ойноп, улуттук телеканалдагы телеберүүгө да тартылып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен мектепте жалаӊ «5» деген баага окуйм. Мага адабий окуу, кыргыз тили, математика сабактары жагат. Бош убакытта шахмат ийримине барып, футбол дагы ойнойм. Эркин күрөшкө катышып жүрчү элем, машыктыруучум башка жакка кеткенине байланыштуу убактылуу таштап койдум. Келечектеги максатым — биринчиден, адам болсом дейм. Андан кийин аскер адамы болгум келет. Атам жакында эле каза болуп калды. Мен эми апамды багышым керек. Атамды жоктотпой, апамды кадырлап-баркташым керек», - деди ал.

Тилек Каракол шаарында өткөн тойдо өзүнүн талантын көрсөтүп, телеберүүгө тартылууга чакыруу алган.

«Бир жолу Каракол шаарындагы туугандарыбыздын тоюна ата-энемди ээрчип барып калдым. Ошол тойдон коомдук телеканалдын «Таалимтай» телеберүүсүндө иштеген Адика Исмаилова эже менин талантыма баа берген экен. Ошентип, мени телепрограммага чакырып калды. Мен каршы болгон жокмун. Азыркы учурда «Таалимтай» телеберүүсүнө тартылам. Негизи, мага «сүйлөө речиӊ» жакшы деп айтышат. Бир нерсени бат жаттап алат экенмин. Бизди сыналгыга тартып жаткан байке-эжелерди көп кыйнабай, 1 эле дубль менен өтүп кетем», - деп айтып берди.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up