Таш-Көмүрдөгү окуучулар тартип сакчыларынын күнүмдүк иши менен таанышты (сүрөт)

Таш-Көмүрдөгү окуучулар тартип сакчыларынын күнүмдүк иши менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен 9-апрель күнү мектептердеги бүтүрүүчү класстардын окуучуларына «Милиция кесиби ардактуу» аталышындагы ачык эшиктер күнү уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, иш-чарада окуучуларга Э.Алиев атындагы ИИМ Академиясы тууралуу толук маалымат берилип, мекенчилдикке тарбиялоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы А.Козукеев соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар тууралуу кенен түшүндүрмө берип, окуучуларды кылмыштардан алыс болууга, укук бузбоого чакырды.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБдин башчысынын орун басары Т.Сулайманов окуучулар менен милиция кесиби тууралуу маектешип, тартип сакчыларынын күнүмдүк иши тууралуу айтып берди жана окуучулардын суроолоруна жооп берди.

Ачык эшиктер күнүнө келген окуучулардын арасынан Арууке Токтоматова менен Ыманалы Юсупов кичинекей кезинен бери милиция кызматкери болууну кыялданып келгенин, ИИМ Академиясында билим алып, мекенине кызмат кылган милиция кызматкерлери болорун айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up