Кара-Сууда окуучуларды патриоттуулукка үндөгөн иш-чара старт алды (сүрөт)

Кара-Сууда окуучуларды патриоттуулукка үндөгөн иш-чара старт алды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районунда башталгыч класстын окуучулары арасында патриоттуулукка үндөгөн «Эр Манастын жолу менен» аттуу иш-чара старт алды.

Уюштуруучулар билдиришкендей, жаш окуучулардан куралган топ «Манас» эпосундагы эпизоддорду актердук чеберчилик менен сахнада аткарып беришет.

Окуучуларды мекенди коргоого, сактоого үндөгөн иш-чаранын башталышында 3 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары 7-апрель — Элдик революция күнүнө арнап өздөрү даярдаган сахналык көрүнүштөрдү тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up