Биологияны мыкты билген Апык Момунов Венгрияда жана Канадада өтүүчү олимпиадаларга катышат (сүрөт)

Биологияны мыкты билген Апык Момунов Венгрияда жана Канадада өтүүчү олимпиадаларга катышат (сүрөт)

Кадамжай «Семетей» лицейинин 11-классынын окуучусу Апык Момунов республикалык олимпиадада биология предмети боюнча 3-орунду ээледи. Ал — ар түрдүү олимпиадалардын, сынактардын катышуучусу жана көптөгөн ийгиликтердин ээси. Учурда Канаданын Торонто университетинде өтүүчү эл аралык олимпиадага даярданып жатат.

«2016-жылы 8-класстар арасында өткөрүлгөн «Себат» олимпиадасында биология сабагы боюнча алтын медаль менен сыйлангам. Эл аралык дистанттык «Mendels International Biology Olympiad» олимпиадасына катышып, алтын, күмүш сертификаттарын алгам. 9-класста предметтик олимпиаданын облустук турунда 11-класстардын атынан катышып, биологиянын тереңдетилген багыты боюнча 3-орунга татыктуу болдум. 10-класста да предметтик олимпиаданын облустук туруна 11-класстын атынан катышып, 2- орунду ээлегем. Быйылкы окуу жылында да олимпиаданын облустук турунда биологиянын тереңдетилген багыты боюнча 2-орунду ээледим.

2018-жылы Иран мамлекетинин Тегеран шаарында өткөн дүйнөлүк «International 29th Biology Olympiad» олимпиадасына Кыргызстандын атынан катышкам. Бул жылы дагы республикалык олимпиадада биология сабагынан 3-орунга ээ болдум. Ошондой эле эл аралык олимпиадага тандоо сынагынан 2-орунду ээлеп, Венгриянын Сегед шаарында 14-21-июлда өтө турган «International 30th Biology Olympiad» аттуу дүйнөлүк биология олимпиадасына жолдомо алдым.

Буга чейин Канаданын Торонто университетинин биология боюнча олимпиадасында Кыргызстандын окуучуларынын арасынан биринчи болуп Торонто университетинин сертификатына татыдым. Ошондой эле Дистанттык Британия олимпиадасына катыштым. Бул жылы да Торонто университетинин эл аралык биология олимпиадасына катталып, ийгиликке жетүү үчүн кызуу даярданып жатам

Бизди ушундай ийгиликтерге жеткирүүдө талыкпай эмгектенип, салым кошкон мугалимдериме ыраазычылыгымды билдирем. Кадамжай «Семетей» лицейинде окуп, ушундай дүйнөлүк олимпиадаларга катышып, Кыргызстандын желегин желбиретип келгениме сыймыктанам жана мугалимдериме рахмат айтып, ыраазычылык билдирем. Аларды да ийгиликтери менен куттуктайм!», - деди бүтүрүүчү.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, чет өлкөдөгү, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы жетишкендиктер, кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Тема боюнча окуңуз:

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up