Ноокаттык окуучулар Жогорку Кеңештин жыйынына катышты

Ноокаттык окуучулар Жогорку Кеңештин жыйынына катышты

Билим АКИpress - Ноокат районундагы мектептердин 8-9-10-класстарынын окуучулары 3 күндүк саякат менен Бишкек шаарында жүрүшөт. Буга чейин өткөрүлгөн «Билим менен саякат» аталышындагы олимпиаданын жеңүүчүлөрү бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков маалымдады.

«Олимпиада негизинен 2 тур менен өтүп, анда окуучулар кыргыз тили, химия, биология, тарых сабактары боюнча билимдерин сынашты. 1-тур аймактык зоналарда, 2-тур райондо болду. Демилгени Ноокат районунун акими Давран Маматалиев жана «Билим усулдук коомдук борбору» фонду көтөрүп, уюштурушту. 1-2-3-орундарды алган 40 окуучунун жол киресин ата-энелер жана айрым айыл өкмөттөр каржылашты. Ал эми тамак-аш, мейманкана мүчөлүк акынын эсебинен болду (олимпиада акы төлөөнүн негизинде болгон)», - деди З.Мамасадыков.

Окуучулар экскурсиянын алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Кыргыз улуттук университети сыяктуу жогорку окуу жайлар менен таанышууда. 10-апрель күнү алар Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, андан соң Ноокат районунан чыккан депутат Төрөбай Зулпукаров менен маектешти. Ошону менен бирге Ноокаттан чыккан таанымал инсандар, бизнесмендер менен конференция да уюштурулду.

Окуучулар менен чогуу усулчу Шакир Ташполотов, Зайнабидин Мамасадыков, эмгек сиңирген мугалим Каныбек Матисаев, чет тилчи мугалим Фарида Шерматова барган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up