Республикалык олимпиадада 2-орунду ээлеген Талантбек эми Азербайжанда Кыргызстандын намысын коргойт (сүрөт)

Республикалык олимпиадада 2-орунду ээлеген Талантбек эми Азербайжанда Кыргызстандын намысын коргойт (сүрөт)

Кадамжай «Семетей» лицейинин 11-классынын окуучусу Жеңишбек уулу Талантбек республикалык олимпиадада информатика сабагы боюнча 2-орунду камсыз кылды. Ал аталган лицейге 2014-2015-окуу жылында кабыл алынган.

2014-2019-окуу жылдарында информатика сабагынан олимпиадаларга катышып, бир топ ийгиликтерди жаратты. 9-класста предметтик олимпиаданын облустук этабында 1-орунду, ал эми республикалык турунда 5-орунду ээлеген. Ошол эле убакта Кыргызстандын IT кубогунда 2-орунду камсыздаган. 10-класста олимпиаданын облустук этабында 1-орунга, республикалык турунда 2-орунга ээ болду.

Талантбек бир катар эл аралык олимпиадаларга катышып, төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишти:

- 2017-жылы Казакстандын Алмата шаарында өткөн Программалоо боюнча окуучулардын Бүткүл Россиялык командалык олимпиадасы — коло медаль;

- 2018-жылы Казакстандын Алмата шаарында өткөн Жаутыков олимпиадасы — диплом;

- 2018-жылы Азиялык олимпиада — коло медаль;

- 2018-жылы Японияда өткөн дүйнөлүк олимпиада — диплом;

- 2018-жылы Кыргызстандын IT кубогу — 2-орун.

Ал эми быйылкы окуу жылында предметтик олимпиаданын облустук этабында информатика сабагы боюнча 1-орунду, республикалык турунда 2-орунду камсыз кылды. Ошондой эле дүйнөлүк олимпиадага тандоо сынагынан 1-орунду ээлеп, Азербайжандын Баку шаарында 4-11-августта өтүүчү эл аралык олимпиадага жолдомо алды.

Талантбекти окуткан мугалими Талант Арыстановдун айтымында, Талантбек көп изденген, эч убакта убакытты текке кетирбеген окуучу. Агайы окуучусуна компьютердик программаларды үйрөтүп жүрүп, өзү да Таланттан жаңы нерселерди үйрөнгөн.

«Талантбек көп сүйлөбөгөн, ар бир ишке жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасаган, эч качан көтөрүлбөгөн мыкты окуучу. Азыркы учурда жалпы республикалык тестирлөөгө да кызуу даярданып жатат», - деди мугалими.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, чет өлкөдөгү, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы жетишкендиктер, кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up