Аламүдүн районундагы мектеп директорлору пилоттук долбоорлорду талкуулашты (сүрөт)

Аламүдүн районундагы мектеп директорлору пилоттук долбоорлорду талкуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районунун К.Табалдинов атындагы Кара-Жыгач орто мектебинде 10-апрелде «Пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу» деген темада мектеп жетекчилеринин ыкмалык семинары болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Анара Абдракманова билдирди.

Анын маалыматына караганда, семинарга Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Зуратай Абибекова, башкы адиси Мария Узденова, мектеп директорлору жана президенттери катышты.

Семинарда ишке ашырылып, иштеп жаткан долбоорлор тууралуу айтылып, электрондук китепкана менен кантип иштоо керектиги жөнүндө маалым берилди. Ошондой эле «Каржы сабаттуулугу», «Кыргызстанда адамдарды соодалоо көйгөйү» деген темада тренинг уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up