Ак-Талаадагы М.Баетов мектебине жаш директор келди

Ак-Талаадагы М.Баетов мектебине жаш директор келди

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун М.Баетов атындагы орто мектебинин директору болуп Сүйүнбек Эмилбек уулу дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин администрациясынан билдиришти.

С.Эмилбек уулу 1991-жылы Ак-Талаа районунда төрөлгөн. 2009-жылы Ж.Сатылганов атындагы орто мектебин аяктаган. Ошол эле жылы Бишкек гуманитардык университетинин экология жана менеджмент факультетинен географ адистиги боюнча жогорку билим алып баштаган.

Эмгек жолун ушул эле окуу жайда окутуучу болуп иштөө менен баштап, 2013-жылы Чүй мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеген. Андан кийин Ысык-Көл районунун мектептеринде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматтарында эмгектенди.

2014-2015-жылдары Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматын аркалап, 2016-жылдан тарта Нарын райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу болуп эмгектенип келген.

2019-жылдын апрель айынан баштап Ак-Талаадагы М.Баетов мектебинде директор болуп эмгектенип жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up