Кызыл-Кыядагы окуучулар кылмыштуулук боюнча маалымат алышты

Билим АКИpress - Кызыл-Кыядагы мектептерде окуучуларга «Кылмыштын арты — темир тор» деген темада түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

10-апрель күнү Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте кылмыштуулукту алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин башташкан. Иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыя шаарынын №6 Т.Сатылганов жана №7 Т.Иметов атындагы орто мектептеринин окуучуларына лекция окулду. Ошондой эле жолугушууда суроо-жооптор жана кызыктуу маектер болуп, окуучулар кызыктарган суроолоруна жоопторду алышты.

Ошону менен бирге окуучулар Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен таанышып кайтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up