Чоң лицейдеги чыр: Ата-энелердин жарымы мектеп жетекчилигин колдосо, жарымы каршы

Чоң лицейдеги чыр: Ата-энелердин жарымы мектеп жетекчилигин колдосо, жарымы каршы

Билим АКИpress - Сокулук районундагы Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия лицей комплексинде билим алган айрым окуучулардын ата-энелери мектептин администрациясын коргоого алып жатышат. Бул тууралуу алар 10-апрелде АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында билдиришти.

Жыйындын катышуучулары мектептин айланасында болуп жаткан окуялар окуу процессине тоскоол болуп жатканын белгилешти.

«Кээ бир ата-энелер «мугалимдер окуучуларды финансылык маселенин айынан кемсинтип, коррупциялык схемаларды түзүп жатышат» деп айып тагышууда. Бирок буга эч кандай себеп жок. Мектепте акыркы убактарда 4 жолу финансылык текшерүү жүрүп, укук бузууларды тапкан эмес», - деп айтып берди ата-энелер коомчулугунун өкүлү Гүлнара Умаралиева.

«2-апрель күнү мектептин аймагында сабак учурунда митинг өттү. Митингде кыйкырышып, мугалимдердин жана мектеп администрациясынын дарегине жаман сөздөрдү айтышты, директордун кетишин талап кылышты», - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары ата-энелер берген ыктыярдуу каражаттар кайда корой турганын түшүндүрүп беришти.

«Социалдык жана билим берүүчү демилгелерди колдоо боюнча фонд түзүлгөн. Ал жакка ата-энелер өз ыктыяры менен ай сайын акча төлөшүп, бул тууралуу арызын жазышат. Бул фондго түшкөн каражаттардын 60%ы мугалимдердин кошумча эмгек акысына кетет. Кароолчуга жана видеокөзөмөл системасына 9%ы коройт. Фонддун жардамы менен окуучулар 100% китептер менен камсыздалган. Мектепте 7 социалдык жана билим берүүчү долбоорлор иштейт. Андан сырткары, ашпозчуларга, ашкана кызматкерлерине да кошумча төлөнөт», - деп белгилеп өттү ата-эне.

Ошондой эле мектепте акы төлөнүүчү кошумча билим берүү кызматтары бар, балдар үчүн 33 ийрим иштейт. «Эгер ата-эне акы төлөнүүчү кызматтардан баш тартса, ал арыз жазып, келишим түзбөйт. Азыр каршы болуп жаткан ата-энелер мындай келишимдерге өз ыктыяры менен кол коюп беришкен», - деди Умаралиева.

«Мектепте 1 миңден ашуун окуучу төлөмдөрдөн бошотулган. Алардын арасында жеңилдик алгандар, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, социалдык жетимдер бар. Башталгыч мектепте төлөм 700 сомду түзөт, алардын 200 сому — бул ысык тамак, 200 сому — ата-энелердин эсебинен кошумча билим берүү, 50 сому — класска керектүү буюмдар, 250 сом ата-энелер фондуна төлөнөт. Анын ичинен кароолчуга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, окуу-тарбиялык процессти каржылоого кетет — булар ийримдер, костюмдар, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары», - деп санап берди ал.

Ата-энелер бул маселеге көңүл буруп, мектепке асылууну токтотууну суранышууда.

Ал эми айрым ата-энелер мектеп жетекчилигине каршы чыгып жатышат. Алар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашып, мектеп директору менен ата-энелердин ортосундагы чырды чечип берүүнү суранышууда. Бул тууралуу 11-апрель күнү АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында ата-энелердин бири Чынара Апиева билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер 500 сомдон чогултуу тууралуу маселени көтөрүп чыгышкандан кийин мектепте 500 сомдон жана 50 сомдон берген окуучуларды бөлүп окутуп жатышат. Ал мектепте «бай-кедей» деп бөлүнүү болбош керектигин айтты. «Биз мектептеги фондго каршыбыз. Ал фонд жоюлсун же 50 сомго кыскартылсын», - деди Апиева.

Ата-энелердин дагы бири директор менен болгон чырды жоюу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кайрылышканын айтты. Бирок министрликтин өкүлдөрү маселеге кийлигише албастыгын айтышкан.

«Ата-энелердин чогулушу болгондо бизди «арак ичип алган» деп айтып чыгышты. Митингге чыкканда мугалимдер келип, ким ичип-ичпегенин карап жүрүштү. Бирок эч нерсе таба алышкан жок. Фондду ата-энелер түзөт экен. Эмне үчүн Билим берүү министрлиги буга көңүл бурбайт?», - деди маалымат жыйынга келген ата-эненин бири.

«200 сом кошумча берем. 2 балама ай сайын 1500 сомдон төлөйм. Жалпысынан 10 ай бою акча берем. Ийримге 1000 бала барбайт. Менин балам да бара албайт. «Кезек жок» дей беришет. Экинчи спорт зал ижарага берилет», - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Айканыш Абдылдаева аталган мектепте 3 баласы окуп жатканын жана аларга айрым китептерди өзү сатып берерин билдирди. «Акыйкаттык, чындык издейбиз. 5-класска чейин окуган балдарга 700 сомдон төлөйбүз. Директордун сиңдиси мугалим болуп иштейт. Ал мектепте 33 ийрим бар деген. Биз ошол ийримдерге айына 300 сомдон беребиз. Бирок балдарыбызды ийримдерге катыштырышпайт. 3000 окуучу жөн эле акча төлөп жатат. 100% китеп берилбейт», - деди ал.

Дагы бир ата-эне айыл өкмөт жыл сайын мектепке 4 млн сомдон бөлөрүн жана капиталдык оңдөп-түзөө иштерине 700 миң сомдон ашык каражат берилерин билдирди.

Анын айтымында, мектептин абалы начар, канааттандырарлык эмес. Фондго акча төлөгөндө дүмүрчөк берилбейт. Ал директордон 5 жылдык отчетту талап кылды.

Маалымат жыйынга келген ата-энелер облустук прокуратурага жана райондун акимине кайрылышканын билдиришти. Алар президент С.Жээнбековдон маселени чечип берүүнү суранышып, балдарына кысым көрсөтүлүп жатканын айтышты. Ошондой эле аларга карата коркутуулар болуп жатканын кошумчалашты.

Андан сырткары, мектептин директору 15 жылдан бери бул кызматта иштеп, жогору жакта «байланыштары» бар экенин айтып чыгышты.

Буга чейин аталган лицейде ата-энелер чогулушу болуп, анда 20 чакты ата-эне мектеп директорунун ишмердүүлүгүнө каршы чыгышканы маалым болгон. Алар мектепте ата-энелер тарабынан акча чогултуулар азайсын деген талаптарын коюшкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up