Дүйнөлүк олимпиадага окуучуларды тандоо туру катачылык менен өткөнбү?

Билим АКИpress - Окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасы өткөн соң дүйнөлүк олимпиадага тандоо болгон. Ага 15 окуучунун арасынан 6 окуучу тандалган. Дүйнөлүк олимпиадада алгебра, геометрия, комбинаторика жана сандар теориясы деп аталган 4 багыт боюнча суроолор келмек. Бирок, тандоо турунда бир гана алгебрадан жана жарым-жартылай комбинаторикадан суроолор түзүлүп калган. Бул тууралуу тандоо туруна катышкан окуучулардын биринин атасы Тургунбай Алдакулов билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк олимпиадага тандоо жыл сайын катачылыктар менен өтөт.

«Жыл сайын эл аралык олимпиадага тандоодо катачылыктарга жол беришет. Биринчиден, дүйнөлүк олимпиадада геометрия боюнча суроо басымдуулук кылат. Бирок, бизде алгебрага гана басым жасап коюшкан. Экинчиден, тандоо 2 турдан туруш керек болчу. Былтыр, ата-энелер ызы-чуу кылып жатып, Казакстандан комиссия алып келип, 2 тур өткөргөнбүз. Балам жеңилип калган, бирок эрежелер сакталганына гана кубангам. Биздин талабыбыз — олимпиаданы эреже менен өткөрүшсүн. Эртең дүйнөлүк олимпиадада уят болуп калбайлы деген гана ой. Биздин балдар жеңилсе да кайра өткөрүп, татыктуулар тандалышын каалайбыз», - дейт Т.Алдакулов.

Ата-энелер билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага кайрылуу жасышып, анда 5 ата-эне кол койгон. Ал эми Билим берүү министрлигинин өкүлү Айнура Сүйүндүкова бул боюнча комиссия түзүлөрүн айтты.

«Айрым ата-энелердин кайрылуусунун негизинде комиссия түзүлүп жатат. Республикалык олимпиададан эң жогорку упай алган 15 окуучудан эл аралык олимпиададан келген квотанын негизинде 5 предмет боюнча окуучулар тандалып алынат. Ата-энелердин арыздарынын негизинде жумушчу топ түзүлүп, жоболорду кайрадан карап чыгышат. Бирок, ал жобо кийинки жылы колдонулат», - деди ал.

матем

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up