Ысык-Көлдө «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар сынагы өтөт

Ысык-Көлдө «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар сынагы өтөт

Билим АКИpress - Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы 16-19-апрель күндөрү изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар сынагын өткөрөт. Сынак Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы «Кыргыз деңизи» санаториясында өтөт.

Аталган сынак 20 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн дагы эң таланттуу балдарын чогултуп келет.

Сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан келген окуучулар, И.Раззаков атындагы КМТУнун, Б.Ельцин атындагы КОСУнун, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, ОшМУ, ОшТУ, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери катышат. Ошондой эле Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Россия жана Грузиядан келген жаш техниктер жана ойлоп табуучулар да катышат.

Сынакка катышуу үчүн 170тен ашуун изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоор, экспонат жана колдонуудагы моделдер келип түшкөн. Аларды тааныштыруу төмөнкүдөй 6 номинацияда өтөт:

- «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» («Курулуш жана транспорттун жаш техниктери», «Агро өнөр жай комплексинин жаш техниктери», «Өнөр жайдын жаш техниктери»);

- «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар»;

- «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар»;

- «Маалыматтык технологиялар жана программалоо»;

- «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар»;

- «Шахматтык турнир»;

- «Окуучулардын астрономиялык турнири».

Сынактын катышуучуларынын ишин калыстар тобу баалайт. Калыстар тобунун курамына Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери, илимдин докторлору, окумуштуулар, ойлоп табуучулар, академиктер жана Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы кирет.

Командалардын презентациясы 16-апрелде «Кыргыз деңизи» санаториясында өтөт. 17-18-апрель күндөрү катышуучулар номинациялар боюнча долбоорлорду коргошот. Балдар үчүн ачык асман алдындагы музейге экскурсия жасалат.

Сынактын салтанаттуу жабылышы 18-апрелде Ч.Айтматов атындагы «Рух ордо» маданий комплексинин концерттик залында болот. Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттар, дипломдор, баалуу байгелер жана белектер менен сыйланышат, ал эми эң алдыңкылар Жогорку Кеңештин депутаты А.Арапбаевдин жана Улуттук илимдер академиясынын стипендияларынын ээси болот.

«Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар сынагы — бул жөн гана чыгармачыл долбоорлор жана ойлоп табуучулук идеялар дүйнөсүнө болгон уникалдуу жолдомо эмес, ал өлкөбүздүн жаш конструкторлору жана ойлоп табуучулары үчүн Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө өздөрүнүн идеялык жактан салым кошуусуна берилген мүмкүнчүлүк.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up