Кыргызстанда жаңы окуу жылында дагы 295 мектепте ысык тамак уюштурулат

Кыргызстанда жаңы окуу жылында дагы 295 мектепте ысык тамак уюштурулат

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги 2019-2020-окуу жылында Кыргызстандагы 295 мектептеги башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздайт.

Азыркы учурда бул мектептердин ашканалары оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Ош, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында облустук мамлекеттик администрациялардын, райадминистрациялардын өкүлдөрү, айыл аймактардын башчылары, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ысык тамак боюнча адистери, мектептеги ысык тамак боюнча жооптуулар үчүн тренингдер өткөрүлдү.

Ошондой эле Билим берүү министрлиги ашпозчуларды окутууну пландоодо.

ББжИМдин башкы адиси Самара Умаралиеванын айтымында, Кыргызстандагы мектептердин 60,6%ы (1371 мектеп) ысык тамак менен камсыз болгон. «295 мектепти жана БУУ тарабынан 85 мектепти ысык тамак менен камсыз кылуу пландалууда. Азыркы учурда Кыргызстандагы 200 миңдей окуучу ысык тамак ичишет», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up