Депутат авариялык абалда турган 2 мектепке көңүл бурууну суранды

Кубанычбек Нурматов
Кубанычбек Нурматов

Билим АКИpress - Депутат Кубанычбек Нурматов («Кыргызстан») 11-апрелде парламенттин жыйынында авариялык абалда турган 2 мектепке көңүл бурууну суранды.

Анын айтымында, Нарын облусунун Кеңеш айылындагы Абиров мектебинин имараты ӨКМдин корутундусу боюнча авариялык деп табылган. «Ал жакта окууга болбойт. Балдар 2 жылдан бери чатырларда билим алып жатышат. Шарттары оор. Мамлекеттик курулуш агенттигине бул маселени кароо тапшырмасын бериш керек», - деди ал.

Анын сөзүнө караганда, ушундай эле кырдаал Араван районунун Бекенов атындагы мектебинде бар. 650 окуучу татаал шарттарда билим алышат.

Андан тышкары, Нурматов Араван районундагы чек арада жайгашкан айылдарга көңүл бурууну суранды.

«Мындай айылдарга өзгөчө макам берүүнү тездетиш керек», - деди депутат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up