Ошто мамлекеттик тилди санариптештирүүгө багытталган долбоорлор сынагы өтүүдө

Ошто мамлекеттик тилди санариптештирүүгө багытталган долбоорлор сынагы өтүүдө

Билим АКИpress - Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында мамлекеттик тилди санариптештирүүгө багытталган «Эң мыкты долбоор» сынагы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик тил боюнча жооптуу адиси Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Долбоорду жактоо сынагы «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын» аткарылышын камсыз кылуу жана «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Т.Досмуратовдун айтымында, учурда аталган сынактын мектептик баскычы жүрүп, ал эми шаардык баскычы 19-апрелде өткөрүлмөкчү. Мыкты деп табылган долбоор ээлерин сыйлоо аземин 25-апрель күнү Ош технологиялык университетинде өтүүчү «Илим. Технология. Инновация» деп аталган жаш изилдөөчүлөр менен студенттердин II регионалдык илимий-практикалык конференциянын алкагында уюштуруу күтүлүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up