Окуу жылы 25-майда аяктайт. Ал эми көчүрүү сынактары качан болот?

Окуу жылы 25-майда аяктайт. Ал эми көчүрүү сынактары качан болот?

Билим АКИpress - Окуу жылы 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын буйругуна ылайык, билим берүү уюмдары тибине жана менчик формасына карабастан, 2018-2019-окуу жылын 25-майда аякташы керек.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 27-майдан 31-майга чейин кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилинде окутуу жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары көчүрүү сынактарын тапшырышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up