Айрым окуучуларды тестирлөөгө каттоодон эмне үчүн баш тартышат? Адистин жообу

Айрым окуучуларды тестирлөөгө каттоодон эмне үчүн баш тартышат? Адистин жообу

Билим АКИpress - Өлкөнүн алыскы райондорунда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо боюнча айрым жооптуулар катышуучуларга ар кайсы шылтоолорду, мотивациялык сөздөрдү айтып жана кийинки тестирлөөгө катышпоого көндүрүшүп, каттоодон баш тартышат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди.

Аталган борбордун адиси Чынара Батракеева Билим АКИpress басылмасына билдиргендей, акыркы убакта ББЖОУБдун социалдык тармактарындагы баракчаларына ар кандай билдирүүлөр келип жатат. Ал билдирүүлөрдө мугалим, класс жетекчи же мектеп администрациясынын өкүлү окуучуларды ЖРТ тапшырбоого көндүрүп коюшары айтылат.

«Айрым мектептерде окуучуларды айнытат, ал эми кээ бир жерлерде ЖРТга каттабай турганын айтышат. «Сен жаман окуйсуң — тест тапшырбайсың», - деп айтышы мүмкүн. Мындай окуялар мурунтан эле болуп келген, бирок акыркы кезде көп учурай баштады. Биз райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатканда алар окуучуларга тест тапшырууга тыюу салбаганын, бирок ЖРТга катышпоону сунуштаганын айтып калышат.

Балдардын укугу бузулуп жатат. Ар бир адам билим алууга укуктуу. Бала кандай баага окуса да, орточо упайы кандай болгон күндө да, бул ЖРТ тапшырууга жана ЖОЖго тапшырууга таасирин тийгизбеши керек. Абитуриенттер ЖРТ тапшырабы, жокпу — өздөрүнүн жеке укугу, эгер алар жашы жете элек болсо, ата-энеси менен бирге чечим чыгара алышат», - деди ал.

Анын айтымында, райондук администрациялар отчет беришкенде, ага мектептин билим сапатынын көрсөткүчү катары ЖРТнын упайларын камтышат. «Биз ЖРТнын жыйынтыгын мектептин билим сапатын баалоо үчүн колдонуунун кереги жок экенин айтып келебиз. Бул ар бир баланын жеке жөндөмдүүлүктөрү. Биз ЖРТны метептин билим сапатын балоо үчүн колдонбоо керектигин дайыма суранабыз», - деп билдирди Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү.

«Биз окуучуларды ЖРТ тапшыруудан айныткан мугалимдер менен мектеп администрацияларына эч кандай таасир бере албайбыз. Биз бул фактылар тууралуу кеп козгогондо алар окуучуга тыюу салбаганын жана бала туура эмес түшүнүп алганын айтып чыгышат. Чындыгында, бул жакшы эмес. Биз өзүбүз тараптан чара көрөбүз, маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз», - деп кошумчалады Ч.Батракеева.

Ал ЖРТга негизги каттоо аяктаганын белгилеп өттү. 17-20-май күндөрү тестирлөө тапшыруудан 1 күн мурун кошумча каттоо жүргүзүлөт.

«Азыр бардык балдар тынчсызданбастан ЖРТ тапшырууга даярдык көрө берсе болот. Эгер окуучулардын айрымдарына тыюу салып койгон болсо, алар май айында каттоодон өтө алышат. Алар документтерди алдын ала даярдап, белгиленген күнү каттоодон өтүшү керек. Эгер кандайдыр бир себептерден улам тестирлөөгө катыша албай калса, бизде июнь айында дагы бир кечиктирилген тестирлөө болот», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up