11-класстын окуучулары качан сынак тапшырышат?

11-класстын окуучулары качан сынак тапшырышат?

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги 2018-2019-окуу жылына 11-класстардын окуучулары үчүн сынактардын мөөнөтүн жана формасын бекитти.

11-класстардын окуучулары сынактарды 3-июндан 20-июнга чейин тапшырышат.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү жөнүндө бекитилген жобого ылайык, 9-класстардын окуучулары милдеттүү түрдө 4 предметтен жана 1 тандоо сабагынан сынак тапшырышат:

- Математика (алгебра) – комплекстүү жазуу түрүндөгү тест;

- Окутуу тили (кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдери) — дилбаян элементтери камтылган изложение;

- Кыргызстан тарыхы — оозеки түрүндөгү сынак;

- Кыргыз тили (орус, өзбек, тажик тилдүү мектептер үчүн) же орус тили (кыргыз тилдүү мектептер үчүн) — фунционалдык грамматиканы жана лексиканы, ошондой эле окуу жана текстти түшүнүү көндүмдөрүн камтыган комплекстүү жазуу түрүндөгү тест;

- Төмөнкү окуу дисциплиналардын арасынан тандоо: Базистик окуу планынын алкагында окутулган адабият, геометрия, физика, химия, биология, география, чет тили, адам жана коом/экономикага киришүү жана информатика.

Математика боюнча жазуу түрүндөгү сынактар окуу программасынын деңгээлинин татаалдыгына жараша жүргүзүлөт.

15-майдан 24-майга чейин сабактан тышкаркы учурда дене тарбиядан зечет алуу тапшырылды.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги методикалык кызматтардын кызматкерлери, мектеп директорлору менен орун басарлары үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону онлайн түрүндө жана обустук координациялык борборлорго чыгуу менен өткөрүү боюнча окутуу тренингдерин өткөрөт.

Тема боюнча окуңуз:

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up