Аравандагы мектептердин окуу бөлүм башчылары окуучулар үчүн көчүрүү сынактарын өткөрүүнү талкуулашты (сүрөт)

Аравандагы мектептердин окуу бөлүм башчылары окуучулар үчүн көчүрүү сынактарын өткөрүүнү талкуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 12-апрелинде Ош облусунун Араван районундагы №48 «Гүлбаар» орто мектебинде окуу бөлүм башчылары үчүн «2018-2019-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-7-8-10-класстарынын окуучуларын көчүрүү сынактарын жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү» деген темада райондук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургазы Мирзаев маалымдады.

Анын маалыматына караганда, аталган семинарда 9 мугалимдин иш тажрыйбасы жайылтылып, ал мугалимдерге «Билим данеги» фонду тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды. «Гүлбаар» орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Замира Пирназарова окуучуларды кезектеги класска көчүрүү, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация боюнча кеңири түшүнүк берди.

Аталган семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Т.Султанов, жетектөөчү адиси У.Токуров катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up