Араван районунун мыкты мугалими аныкталды (сүрөт)

Араван районунун мыкты мугалими аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Араванда «Жылдын мыкты мугалими-2019» кароо-сынагынын райондук туру өтүп, анда Керме-Тоо айыл аймагынын Т.Осмонов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Шакирбек уулу Медербек жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургазы Мирзаев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, сынакка зоналык турдан өткөн 6 мугалим катышты. Иш-чараны райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ахматалиев ачып, бул сынактын максаты — чыгармачыл, мыкты мугалимдердин алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын жайылтуу, окуучуларды сабакка болгон кызыгуусун артырууда чыгармачыл мугалимдердин тажрыйбасын башка мугалимдерге жеткирүү болуп саналарын белгилеп кетти.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Керме-Тоо айыл аймагынын Т.Осмонов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Шакирбек уулу Медербек багындырды. 2-орунду Мангыт айыл аймагына караштуу А.Эшенкулов атындагы орто мектебинин адеп мугалими Нурипа Кудайбердиева ээледи. Ал эми 3-орунду Тепе-Коргон айыл аймагына караштуу М.Назаров атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Феруза Абдукаримова алды.

Ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктарга А.Анаров айыл аймагына караштуу П.Абылкасымов атындагы негизги мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Миргүл Козубаева, Чек-Абад айыл аймагынын Т.Кочубаев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Санобвр Сотволдиева, Нурабад айыл аймагындагы З.Розахунова атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери татыктуу болушту.

Катышуучуларга Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Б.Турдубаевдин акчалай сыйлыктары ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up