Ак-Тал айылында мектепке тартылбай жаткан балдар талкууга алынды (сүрөт)

Ак-Тал айылында мектепке тартылбай жаткан балдар талкууга алынды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылындагы А.Турдакунов атындагы орто мектебинде соцмугалимдер үчүн семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 4 жылдан бери соцмугалимдер үчүн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ар кандай маселелер боюнча семинарлар жана тренингдер өткөрүлүп келет.

Бул жолку иш-чарада мектепке тартылбай жаткан окуучулар менен иштөө, үй-бүлөлүк тарбиянын мааниси, «Мен үчүн кыргыз болуу — өчпөс өмүр» аттуу теманын айланасында талкуу жүрдү. Семинар интеллектуалдык таймаш жана ачык сабактар менен коштолду.

Семинарга Ак-Талаадагы бардык орто мектептердин соцпедагогдору, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, адиси Гүлмайрам Нурманбетова катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up