Мамлекеттик курулуш агенттиги 2019-жылы 100гө жыкын мектепти пайдаланууга берерин айтты

Мамлекеттик курулуш агенттиги 2019-жылы 100гө жыкын мектепти пайдаланууга берерин айтты

Билим АКИpress - «2019-жылы канча мектеп пайдаланууга берилет?», - деп сурады депутат Жыргалбек Турускулов («Республика – Ата Журт») өкмөт өкүлдөрүнөн. Өкмөт бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына 2018-жылы аткарылган иштер боюнча отчет берди.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдиргендей, агенттиктин системасында 13 млрд сомду талап кылган 436 объект бар. Алардын арасында 275 объект — мектептер.

«2019-жылы 100дөй объектини пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up